super.kg logo
  Саясат  

Сүлүктү шаарына Жылуулук электр борборун курууга 100 миллион доллар жумшалары айтылды

 
Сүлүктү шаарына Жылуулук электр борборун куруу долбоорунун наркы 100 миллион доллар. Муну бүгүн, 26-сентябрда Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Өкмөт жетекчиси аймакта көмүр казуу менен алектенген "Ибрагимов" ишканасынын иши менен таанышып чыкты. Сүлүктү шаарынын мэри Абдузакир Ибрагимов ишкана өткөн жылы 31 миң тонна көмүр өндүргөнүн айтат. "Шахтанын аянты 25 гектар, көмүрдүн кору 1 миллион 800 миң тоннаны түзөт. 2014-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 14,5 миң тонна көмүр өндүрүлдү. Жалпы Сүлүктү көмүр бассейнинде 20 компания иштейт. "БР" үлгүсүндөгү көмүрдүн тоннасы 2900 сом, ал эми "БК" үлгүсүндөгү көмүрдүн баасы 5200 сом болууда. Пенсионерлерди көмүр менен жеңилдетилген баада камсыз кылып жатабыз. Көмүрдүн баасы 9-10 миң сом болуп жатат деген маалыматтар туура эмес",- дейт шаар башчысы.  
Аталган ишканада учурда 327 адам иштеп жатканы айтылды. 
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматын уккан өкмөт башчы өзүнүн иш сапарынын максаты - көмүр өндүрүү тармагындагы кырдаал, кышка даярдык көрүү иши менен таанышуу жана Сүлүктү Жылуулук электр борборун куруу долбоорун тургундар менен талкуулоо экенин айтты. Оторбаев билдиргендей, Сүлүктү ЖЭБин куруу долбоорунун наркы 100 миллион долларды түзөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: