super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Сокулук районунун акиминин орун басары Алмазбек Таштемировду кызматынан убактылуу четтетүүнү сунуштоодо

 

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын тургундарынын мыйзамсыз жер сатууга байланыштуу кайрылуусунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Жыйында Новопавловка айылында катылган жана алдап алынган жерлерди сатуу афёрасына Сокулук районунун акиминин орун басары Алмазбек Таштемировдун да катышы бар экени айтылды. Кылмыш иши козголгонуна карабастан, анын ушул кезге чейин кызмат ордунда иштеп, депутаттык комиссиянын иликтөө ишине тоскоолдук кылып жатканына нааразы болгон комиссия мүчөлөрү премьер-министр Жоомарт Оторбаевге тергөө иштери аяктаганга чейин аны кызматынан убактылуу четтетүү сунушу менен кайрылуу чечимине келди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 11-июнундагы токтомуна ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылынын тургундарынын жер маселелерине байланышкан кайрылууларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамында депутаттар Туратбек Мадылбеков, Ташполот Балтабаев, Урмат Аманбаева, Алишер Абдрахманов, Эсенгул Исаков, Татьяна Левина, Ирина Карамушкина, Алла Измалкова, Дастан Жумабеков, Майрамкан Кадырбекова бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: