super.kg logo
  Саясат  

Баткенде сүрөт жана музыка сабактарынын жоюлуп кетүү коркунучу турат

 

Баткен облусунда сүрөт жана музыка сабактарынын жоюлуп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев баштаган депутаттар тобу бүгүн, 26-сентябрда Баткен шаарында өткөргөн көчмө жыйында айтылганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив, массалык маалымат каражаттарынын иштеринин абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө маселелер каралды. Иш-чарага парламент депутаттары, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Баткен аймагында 162 мугалимдин орду бош турганы жана көпчүлүк мектептердин эмереги эбак эле эскирип бүткөн, китеп фонду жаңыланууга жана толукталууга муктаж экендиги айтылды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү: “Баткен аймагында 162 мугалимдин орду бош турганы жана көпчүлүк мектептердин эмереги эбак эле эскирип бүткөн, китеп фонду жаңыланууга жана толукталууга муктаж. Мурдагы бала бакчалардын имараты менчикке чыгарылып кеткендиктен же башка мекемелерге берилгендиктен, азыр экөө гана калды. Мисалы, 140 орунга эсептелген “Алтын-Бешик” бала бакчасында 510 бала тарбыяланууда. Бала бакча кезегинде 3500 наристе бар”,- дешти.

Шаар тургундары көп жылдардан иштебей бош турган Илим-изилдөө институтунун имаратын алып берүүнү өтүнүштү.

Депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, айрыкча билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалардын оң жана терс жактары алдын ала ойлонулбай жасалгандыктан, ал тургай калыптанып калган окуу жүрүмүнө өз кесепетин тийгизип, мугалимдер арасында нааразычылыктарды жаратууда. Алардын пикиринде, ошонун кесепетинен жан башына каржылоо усулу сындуу бир катар демилгелер ишке ашпай турат.

Биз бул көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Көпчүлүгү каражатка барып такалат экен. Буюрса, аларды акырындап чечүү аркетин жасап жатабыз”,- деди өз сөзүндө эл өкүлү. Ал көчмө жыйын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер менен айтылган сунуштардын баары маанисине жараша жергиликтүү жана жогорку бийлик органдарына тапшырыла турганын, алардын аткарылуу жүрүмү комитеттин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: