super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Баткен эли менен жолугушуп, чек арага жакын райондорду өнүктүрүү үчүн каражат бөлүнө турганын айтты

 

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 26-сентябрда Баткендеги Кулунду-Максат автожолунун жана аталган магистралдагы ушундай эле аталыштагы көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Оторбаев белгилегендей, тийиштүү инфраструктураны түзүү чектеш райондорду өнүктүрүүдө абдан маанилүү жана курулуш аягына чыгарылат.

“Биз колдон келишинче кезеги менен инфраструктураны жакшыртууга жана чектеш райондорду өнүктүрүүгө каражат бөлөбүз”,- деди өкмөт башчы.

Андан соң премьер-министр Тажикстанга чектеш жайгашкан Максат айылынын тургундары менен жолугушту. Мында ал Арка өрөөнүн өнүктүрүү келечегинин долбоорунун бет ачары жана 2 каналдын курулушу менен таанышты.

Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповдун айтымында, аталган долбоорду ишке ашыруу 3000 га жерди сугат менен камсыз кылууга гана эмес, чектеш аймактарды өнүктүрүү үчүн да зор түрткү берет.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, 35 миллион долларга бааланган бул долбоор донорлордун колдоосунда ишке ашырылат.

Айылдык тургундар менен жолугушууда премьер-министр өкмөт чектеш аймактардын көйгөйүн тез арада чечүүгө колдон келген аракетин жасай турганын айтты.

Биз аталган маселе боюнча сүйлөшүү процессин активдештирүүбүз зарыл. Күн мурун мен Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөштүм. Кохир Расулзада үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре Бишкекке келип кетүүгө макулдугун берди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз чек араларга жана чек ара боюнча кызматташууну жайгарууга байланыштуу маселелердин бир бөлүгүн чечүүгө ниеттенүүдөбүз,- деди ал.

Өз кезегинде Максат айылынын жашоочулары Жоомарт Оторбаевдин көңүлүн ичүүчү жана сугат суу маселесин чечүүгө, жолдорду асфальттоо, турак жай куруу, "Арка" насостук станциясына оңдоо жүргүзүүгө буруусун өтүнүштү.

Насостук станцияны оңдоого зарыл болгон 10 миллион сомду табууга аракеттенебиз. Ал эми айылдын узак мөөнөттүү өнүгүшүнө тийиштүү маселе боюнча, жакында өлкө чектеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Максат айылын өнүктүрүү боюнча атайын программа кабыл алынат,- деп маалымдады Оторбаев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: