super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “Ооганстандагы кыргыздарды көчүрүп келиш керек” дешти

 

Ооганстандагы кыргыздарды көчүрүп келиш керек. Бул тууралуу депутат Турсунбай Бакир уулу парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында айтты. Бакир уулунун айтымында, этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамдан башка эч кандай колдоо болбой жатат. “Биз эки жыл мурун Ооганстандагы кыргыздар менен иштөө боюнча комиссия түздүк эле. Комиссияга акча бөлүнбөй жатат. Негизи, аларды Кыргызстанга көчүрүп келиш керек. Биз гуманитардык жардамдар менен гана чектелип калып жатабыз”,- деди ал.

Депутат ошондой эле өкмөттү спортко көңүл бөлүүгө чакырды. “Биз эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн спортту өнүктүрүшүбүз керек. Өкмөт ушул тармакка акчаны жетиштүү бөлүшү зарыл. Биз митингдер менен таанылып бүттүк, эми спорт жагы менен да таанылалы”,- деп кошумчалады депутат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: