super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: "Илимди реформалоо – аны өнүктүрүү жана илимий чөйрө үчүн шарттарды түзүү"

 

Бүгүн, 29-сентябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар илимди колдоо үчүн мамлекеттик ресурстарды бөлүштүрүү натыйжасыз болуп жатканын, кыргыз илимин өнүктүрүүнү талкуулашты. Сариева академиялык чөйрөнү аталган академияны реформалоо боюнча баарлашууга жана кеңири кызматташууга чакырды.

“Илимди реформалоо – аны өнүктүрүү жана илимий чөйрө үчүн шарттарды түзүү. Улуттук илимдер академиясын реформалоо боюнча талаптар жана критерийлер илимий коомчулук тарабынан иштелип чыгат. Ошондуктан биз илимди реформалоо иши натыйжалуу болуусу жана жаңы дүйнөлүк технологиялык түзүлүш алкагында ал өзүнүн тийиштүү орун алуусу үчүн кызыкдар маморгандар жана илим ишмерлери аралык пикир алмашуу үчүн аянтчаны түзүүбүз зарыл",- деп билдирди вице-премьер-министр.

Жыйын соңунда өкмөт тараптан жумушчу топ түзүлөрү, ал топ Улуттук илимдер академиясын реформалоо механизмдерин жана мөөнөтүн аныктоого катышары айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: