super.kg logo
  Саясат  

Чүй жана Таластагы жайыттарды жакшыртууга 15 миллион доллар бөлүнүүдө

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финасы боюнча комитети бүгүн, 29-сентябрда “Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу” долбоорун жактырды. Макулдашууга ылайык, мал чарбасы менен жайыттарды жакшыртуу үчүн Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 15 миллион доллар бөлүүдө. Анын 6,2 миллион доллары гранттык каражат, калган бөлүгү жеңилдетилген насыя. Бул каражат Чүй жана Талас облустарына берилүүдө.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, насыя 0,75 үстөк пайызы менен 40 жылдык мөөнөткө берилип жатат. Анын алгачкы 6 жылында насыя төлөмдөрүнөн бошотулат. Ошону менен бирге, келишимге ылайык, алынган каражаттын 1,5 миллион долларын өлкөнүн Жайыт комитеттери, калганын республикалык бюджет төлөй турганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: