super.kg logo
  Саясат  

Озон катмарын бузуучу химиялык заттар Кыргызстанга киргизилбей турган болууда

 

Озон катмарын бузуучу химиялык заттар Кыргызстанга киргизилбей турган болууда. Тийиштүү мыйзам долбоору 29-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында каралды. Долбоор атмосферанын озон катмарын коргоо жаатында өкмөттүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин компетенциясына байланышкан жоболорду жаңылоо бөлүгүндөгү Бажы биримдигине Кыргызстандын кошулушуна багытталган, аткарыла турган иш-чараларга карата иштелип чыкканы айтылды. Озон катмарын коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү камсыз кылуу, озонду бузуучу химиялык заттар камтылган продукцияларды Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргызстанга ташып кирүү үчүн корутундуларды берүү тартибин жана шарттарын белгилөө каралган.

Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов баштаган депутаттар сырттан кирүүчү озонду буза турган химиялык заттардын тизмесин коомчулук билүүсү керектигин белгилешти. Андай заттар өлкөдө өндүрүлбөгөндүктөн, маселе сырттан киргендерине гана тыкыр көзөмөл кылууда турат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, озонду бузуучу заттар эски кондиционерлерде, муздаткычтарда жана башкаларда. Ал эми алардын жаңыларын өндүрүүдө "жашыл фрион" деген химиялык зат колдонулат, ал тиешелүү талаптарга жооп берет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: