super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Баткен, Жалал-Абад жана Оштун тургундарына суюлтулган газ жеткирүүнү тездетүү зарыл"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 29-сентябрда "Газпром промгаз" ААКсынын долбоорлоо боюнча башкы директорунун биринчи орун басары Николай Варламов менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын калкы үчүн суюлтулган газды, ал эми Бишкек шаардык ЖЭБине жана өнөр жай ишканаларына жаратылыш газын жеткирүү тууралуу мурдагы келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын керектөөчүлөрү үчүн суюлтулган газ жеткирүү ишин жана бардык тийиштүү жабдууларды жеткирүү иштерин тездетүү зарыл. “Кеп болуп жаткан жабдуу келе жаткан жылытуу мезгилинде ишке киргизилиши керек. Электр энергиясында түзүлгөн тартыштык кырдаалды эске алуу менен өлкө түштүгүнүн тургундарын, өзгөчө кыш мезгилинде суюлтулган газ менен камсыздоо маселеси өтө курч турат. Аны кыска мөөнөттө чечүү керек",- деди өкмөт башчы.

Николай Варламов "Газпром Кыргызстан" компаниясы аркылуу мурда жетишилген келишимдерди аткаруунун үстүндө иш жүрүп жатканын айтты. “Эртең республикага абалды иликтөө жана түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун оптималдуу жолдорун иштеп чыгуу үчүн "Газпром" ААКсынын адистеринин чоң тобу келет. Биздин эсептөөлөр боюнча, өлкөдө суюлтулган газга карата жалпы муктаждык 6,497 миң метр кубду түзөт, анын ичинде көп кабаттуу турак жайдагы жашоочулар керектеген 2,147 миң метр куб газ да кирет",- деди Варламов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: