Кыргызстанда автоунаалардын "блатной" номурларын сатуудан 4 айда 12 миллион сом киреше түшкөнү айтылды
Кыргызстанда 2014-жылдын июнь-сентябрь айларында автоунаалардын өзгөчө комбинациядагы мамлекеттик номурларын сатуудан 12 миллион 272 400 сом киреше түштү. Муну 30-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Аукцион аркылуу 259 номур сатылган, суммасы 3 миллион 797 миң сом.
Аукциондук эмес жол менен 3000 сомдон 2567 номур сатылган, суммасы 7 миллион 626 миң сом.
Аукциондук эмес жол менен 2700 сомдон 222 номур сатылган, суммасы 599 400 сом.
Ассоциативдик номурларды (125 даана) сатуудан 250 миң сом түшкөнү айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

