super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештеги айымдар клубунун өкүлдөрү Швеция жана Данияда болуп келишти

 

Жогорку Кеңештеги айымдар клубунун өкүлдөрү Швеция, Дания сыяктуу Скандинавия өлкөлөрүндө болуп, алардын иш тажрыйбаларын үйрөнүп келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди. Айымдар клубунун өкүлдөрү иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу отчёттук маалыматтары менен тааныштырышты.

Швециянын депутаттары эч кандай кызматтык унааларды колдонбостон, жылдык жол кире алышып, жолдо жүрүү билеттерин колдонушат. Жумушсуздуктун көрсөткүчү ал жерде 1,8-2 пайызды гана түзөт. Парламенттеги айымдардын эсеби 40-47 пайызга жетет. Калкты социалдык жактан коргоонун швециялык үлгүсү да башкаларга өрнөк. Андагы ар бир 16 жашка чейинки балага анын үй-бүлөлүк шартына карабастан, бардыгына бирдей жөлөк пул төлөнөт. Жаш перзенттүү болгон үй-бүлөдөгү ата-эне экөө тең бирдей бала багуу үчүн эмгек өргүүсүн алууга укуктуу. Аларга айлык акысынын 70-80 пайызы туруктуу төлөнүп берилет.

Дания өлкөсү миграция маселесине келгенде катуу тартипти карманып, чет элдик жумушчу күчтөрүн колдонууга муктаждык жок деп эсептейт. Ал эми катардагы карапайым даниялыктар менен бирдей эле бийликтеги аткаминерлери деле кадимки эле велосипедди колдонуп, экологияны таза кармоого олуттуу маани беришет экен",- деп айтылат клуб мүчөлөрүнүн иш сапары тууралуу маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: