super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Эльвира Сариевага “бирдиктүү мектеп формасын жокко чыгаргыла” дешти

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 30-сентябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева вице-премьер-министр Элвира Сариевага: “Социалдык жактан муктаж болгон адамдарга бирдиктүү мектеп формасын акысыз бере албасаңар, бирдиктүү мектеп формасын жокко чыгаргыла, моралдык укугуңар жок”,- деди. Ниязалиеванын айтымында, өкмөт форманы сатып алууга шарты жок үй-бүлөлөргө акысыз бериши керек. “Бүгүн силер форманы киргизгениңер менен, баары эле сатып ала албайт. Анан эки-үч жылдан кийин арзан кылып Кытай да чыгара баштайт. Бирок азыркы чыгарып жаткан формалар да техникалык регламентке туура келбейт, синтетика болуп жатат”,- деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: