super.kg logo

Баткенде өткөн 6-республикалык театр фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 
Баткен шаарында өткөн 6-республикалык театр фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Фестивалга 15 театр катышкан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бүгүн, 30-сентябрда билдиргендей, номинациялар боюнча калыстар тобунун чечими менен төмөнкүлөр жеңүүчү аталды: 

1. Мыкты спектакль – Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры койгон "Жамиля" спектакли (авт. Ч.Айтматов, реж. О.Айдаров);

2. Мыкты режиссёр – С.Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрынын режиссёру Т.Апыев "Делбирим" аттуу чыгармасы менен.   

3. Эркектин ролун мыкты аткарган актёр – К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын актёру Элдияр Желденбаев; 

4. Аялдын ролун мыкты аткарган актриса – С.Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрынын актрисасы Айзат Сатыбалдиева;

5. Аялдын ролун мыкты аткарган экинчи пландагы актриса – М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын актрисасы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Бермет Өмүрова;

6. "Үмүт" номинациясына Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын артисттери көрсөткөн театралдык мастер-классы ээ болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: