super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет бирдиктүү мектеп формасын жакыр үй-бүлөлөргө акысыз берүү, андай болбосо форманы жокко чыгаруу чечимин кабыл алды

 

Бирдиктүү мектеп формасын сатып алууга шарты жокторго акысыз берилбесе, андай форманы мектепке кийүүгө тыюу салынат. Мындай чечим бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында кабыл алынды. Депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Эльвира Сариева жооп берди. Жыйында комитет мүчөлөрү көпчүлүк үй-бүлөлөр ар бир баласына 1500 сомдон сарптап форма алып бере албасын айтып, "өкмөт шарты жокторго акысыз бериши керек" деген сунуш киргизишти. “Биздин сунуштарды өкмөт ойлонуп, аракет кылып көрсүн. Чече албаса, анда тыюу салынат”,- деди комитет төрайымы Дамира Ниязалиева






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: