super.kg logo
  Саясат  

Өкмөткө илим системин реформалоо боюнча жумушчу топ түзүү тапшырмасы берилди

 

Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында учурдагы илимдин абалы жана келечеги талкууланды. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев илимди кризистен чыгаруунун жолдорун көрсөтүүгө аракет болгону менен, бул жааттагы көйгөйлөр каражатка барып такалат деп шылтоолонуп келе жатканын айтты. Окумуштууларды бүгүнкү отурумда кырдаалдан чыгуунун жолдорун, илим менен инновациянын бирдиктүү саясатын жүргүзүү боюнча пикирлерди салмактап, иштиктүү сунуштарды терең талдоого алууга чакырды. 

Депутат Роза Акназарова илим тутумун реформалоо жана илимий иштерди кайра жандандыруу боюнча башка кайсы мамлекеттердин моделин иликтегендигине кызыкты. Вице-спикер Бөдөш Мамырова илим жаатын жолго коюу үчүн эң биринчи мамлекеттик буйрутмалардын болушу керектигин билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев баштаган окумуштуулар КРнын Президентине караштуу Илим тутумун реформалоо боюнча коомдук эксперттик кеңештин сунуштамаларында илим жаатында бир дагы сөз жоктугун сынга алышты. 

Жыйынтыгында өкмөттүк макамга ээ болгон жумушчу топ түзүүнү өкмөткө тапшыруу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: