super.kg logo
  Саясат  

Кара-Суу районундагы Мады айылынын тургундары айылда саат 20:00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатууну биротоло тыюуну суранышууда

 

30-сентябрда Ош облусунун Мады айылында аталган айылдын милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамынын 9 айлык отчёту угулду. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, жыйынга Мады айылынын тургундары, айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар кеңеши, жаштар комитеттеринин, дин өкүлдөрү катышты. Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Курсанбек Мырзаматов 9 айда катталган кылмыштар, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Андан кийин суроо-жооптор болуп, ага Кара-Суу РИИБинин башчысы Марат Орозбаев жооп берди. 

Мады айылынын тургундары саат 20:00дөн баштап спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөргө чек коюуну, саат 23:00дөн баштап кафе, ресторандарды жабууну талап кылышкан. Бирок айрым жерлерде дале болсо спирттик ичимдиктер сатылып жаткандыгын айтышып, элдик кошуун менен биргеликте атайын рейддерди уюштурууну сунушташты тургундар. 

Ош - Эркеч-Там унаа жолунда жайгашкан Мады айылындагы базарчанын жанына такай жол-кайгуул кызматкерлеринин турушун суранышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: