super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында франциялык ПСЖ футболдук клубу 3 гол киргизип, “Барселонаны” утуп алды

 
Томас Мюллер "Баварияны" эсеп катыштыгында алдыга чыгарды.
Серхио Агуэро "Рома" менен "Манчестер Сити" беттешинде эсепти ачты.
"Челсинин" оюнчулары голдун автору Матичти куттуктап жатышат.
Лионель Месси эсепти теңеп, жеңишти жулдуруп жиберерин биле элек кези...

30-сентябрдан 1-октябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2-тур оюндарынын алкагында 8 футболдук беттеш болуп өттү. Бул күн конокто оюн өткөргөн командалар үчүн ийгиликтүү болду. Өз үйүндө жеңишке жетишкен ПСЖ менен БАТЭ гана болду. Түндүн башкы беттештеринин биринде Франциянын акыркы сезондогу чемпиону ПСЖ өз үйүндө каталондук “Барселонаны” утуп алды.  

Оюндардын жыйынтыгы төмөнкүчө:

“Е” тайпасы

ЦСКА (Орусия) – “Бавария” (Германия) – 0:1

Гол: Мюллер (22-мүнөттө пенальтиден)

“Манчестер Сити” (Англия) – “Рома” (Италия) – 1:1

Голдор: Агуэро (4-мүнөттө пенальтиден), Тотти (23-мүнөттө)

“F” тайпасы

ПСЖ (Франция) – “Барселона” (Испания) – 3:2

Голдор: Давид Луис (10-мүнөттө), Месси (12-мүнөттө), Верратти (26-мүнөттө), Матюйди (54-мүнөттө), Неймар (56-мүнөттө)

АПОЭЛ (Кипр) – “Аякс” (Голландия) – 1:1

Голдор: Андерсен (28-мүнөттө), Мандука (31-мүнөттө пенальтиден).

“G” тайпасы

“Спортинг” (Португалия) – “Челси” (Англия) – 0:1

Гол: Матич (34-мүнөттө)

“Шальке” (Германия) – “Марибор” (Словения) – 1:1

Голдор: Бохар (37-мүнөттө), Хунтелар (56-мүнөттө)

“H” тайпасы

“Шахтёр” (Украина) – “Порту” (Португалия) – 2:2

Голдор: Алекс Тейшейра (52-мүнөттө), Луис Адриано (85-мүнөттө), Мартинес (89-мүнөттө пенальтиден), Мартинес (90-мүнөттө).

БАТЭ (Беларусь) – “Атлетик” (Испания) – 2:1

Голдор: Поляков (19-мүнөттө), Карницкий (41-мүнөттө), Адурис (45-мүнөттө).  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.10.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеосун да чыгаргылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: