super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков “оппозиция өкүлдөрүн жумуртка, помидор менен уруу туура эмес” деди

 

Бүгүн, 1-октябрда депутат Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга кайрылып, “бийлик оппозиция өкүлдөрүнө чабуулун баштады” деп билдирди. Бизди Ошто бир топ аялдар жумуртка менен уруп, кууп чыгышты. Ал жерде демократиялык топтун докладын жасамакчы болуп турганбыз. Азыр бийлик Курманбек Бакиевдин ыкмасын колдонуп баштады. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине ийгилик алып келбейт”,- деди Жээнбеков.

Депутаттын айткандарына спикер Асылбек Жээнбеков: Кафеде жолугуп эмне кыласыңар, Жогорку Кеңештин ичинде орундар бар го”,- деп жооп кылды. Спикердин айтымында, мындай окуяларга жол берилбеши керек. “Бул боюнча ошол күнү ММКларга чыккандан баштап мен аракеттерди көрдүм. Туура, жумуртка, помидор менен урбаш керек. Ошол эле учурда өзүңөрдүн колуңарда мүмкүнчүлүктөр турат. Жыйыныңарды каалаган учурда Жогорку Кеңештин имаратында уюштурсаңар болот”,- деди спикер.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: