super.kg logo
  Саясат  

Президенттин парламенттеги өкүлү: “Ошто депутаттарды жумуртка менен уруу фактысына президенттин тиешеси жок”

 

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев: 26-сентябрда Ош шаарында жыйын өткөрмөкчү болгон Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду аялдар жумуртка менен уруп, залдан кууп чыгышына президенттин эч кандай тиешеси жок”,- деп билдирди.

Анын айтымында, “бул ишти аткарууга президент буйрук берди” дегенге негиз жок. “Оштун мэриясынын жетекчилигин президент дайындабайт. Аны жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат. Бул маселени жергиликтүү бийлик чечиш керек. Бул окуя боюнча милиция жана тиешелүү түзүмдөр кабар беришет”,- деп түшүндүрдү ал.

Эскерте кетсек, 26-сентябрда Ош шаарында жыйын өткөрмөкчү болгон Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду аялдар жумуртка менен уруп, залдан кууп чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: