super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен карылар жана майыптар үйлөрүнө 6 миллион сомдук жардам берилди

 

Бүгүн, 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө байланыштуу карылар жана майыптар үчүн социалдык мекемелерге акчалай жардам боюнча сертификаттар тапшырылды. Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Бишкектеги карылар жана майыптар үйүнө, Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар үйүнө, Бакай-Ата карылар жана майыптар үйүнө, Сүлүктүдөгү карылар жана майыптар үйүнө, Сузактагы жана Токтогулдагы карылар жана майыптар үйүнө жана башка мекемелерге жалпы 6 миллион 260 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү. 

КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев мекеме жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, аларды өлкө башчынын атынан Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, эмгеги, өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда карылар жана майыптар үчүн 6 үй иштейт, аларда 752 адам жашайт. Мындан тышкары кары-картаң жана майып 9544 адамга үйлөрүндө кызмат көрсөтүлөт.

Нарымбаев Карылардын эл аралык күнү улуу муун алдындагы жоопкерчиликти эске салып турарын белгилеп: “Кыргыз элинин тарыхында улууну урматтоо жана ызаттоо өзгөчө орун ээлеп келген. Бул туурасында элдик макал-лакаптар ырастап турат. Улууну урматтоо боюнча жакшы салттарды, дөөлөттү сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү зарыл”,- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: