super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Келечекте күчтүү партиянын лидери жоопкерчиликти мойнуна алган заман келет"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 1-октябрдагы парламент жыйынында мурунку заман менен азыркы заманды салыштыруу мүмкүн эместигин билдирди. Анын айтымында, учурда парламенттеги оппозицияга эркин микрофон берилип жатат. "Бардыгына шарт түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Мына азыр депутат Равшан Жээнбеков пикирин ачык билдирди. Ага эч ким токсоол болгон жок",- деди спикер. 

Парламент жетекчиси партиялардын жана алардын программаларынын ортосунда атаандаштык болушу зарыл экенин, келечекте күчтүү партиянын лидери жоопкерчиликти мойнуна ала турган учур келерин кошумчалады. "Саясий партиялардын өлкөнү өнүктүрүү жаатында өз программаларын сунуштаганын колдойбуз. Партиялардын программасын, жаңы концепциясын презентация кылганга эч ким тоскоол болбойт",- деген Асылбек Жээнбеков эки депутатка байланыштуу өткөн аптада Ошто болгон окуя иликтенерин белгиледи.

Эске салсак, бүгүнкү жыйында Равшан Жээнбеков Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы концепциясын Оштогу жаштар менен талкуулоо үчүн уюштурулган жыйын үзгүлтүккө учураганын билдирип, бул окуяны териштирүү керектигин айтып чыккан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: