Ырчы Айпери Кубик кызы турмушка аттанат



Ырчы Айпери Кубик кызы жакынкы күндөрү турмушка аттанат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 1-октябрда билдирди. Маалым болгондой, ырчынын жүрөгүн Нарулан аттуу жигит багындырган. Ал 26-сентябрь күнү кыргыздын каада-салты менен Айпериге сөйкө салып кеткен. Учурда үйлөнүү тоюна камылга көрүп жүргөн ырчы: “Наруландын ата-энеси июнь айында колумду сурап келишкен, сентябрда сөйкө салып кетишти. Болочоктогу жолдошум 26 жашта, Таластан болот. Ал өзүнүн жөнөкөйлүгү, мени сыйлаганы, оор басырыктуулугу менен сүйдүрүп алды. Муну менен катар Нарулан мени ырчы катары эмес, адам катары сүйгөн биринчи жигит болду. Учурда ата-энем болуп сеп даярдамай, көйнөк тандамай өңдүү жумуштар менен алпурушуп жүрөбүз”,- дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Негизи Кыргызстандын бардык жеринде мыктылары, жамандары бар, ХХХ ХХХ ХХХ...
Бактылуу бол, кошконун менен кошо карып Кыргыздын улгулуу, намыстуу жаштары болгула...
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.