super.kg logo
  Саясат  

"Милицияда иштегендердин айлыгы машинасынан артпаса, анан кайдагы адилеттүүлүк?" дейт спикер Жээнбеков

 

Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков ички иштер министри болуп шайланган Мелис Турганбаевге бир катар сунуштарын айтты. Парламент жетекчиси таза, криминалга аралашпаган милиция кызматкерлерин жооптуу кызматтарга коюу зарыл экенин белгилейт. "Мамлекеттүүлүктүн өзөгүнүн кармалып турушунда милиция кызматкерлеринин салымы бар. ИИМ жетекчилиги ички резервдерди таап, кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү жагын караштырышы абзел. Жакшы эмгек акы алган шартта милиция кызматкерлеринин сапаты артат, жакшы айлыкка гана адилеттүү милиция кура алабыз. 7-8-10 миң сом алган милиционердин маянасы машинанын чыгымынан ашпаса, анан кайдагы адилеттүүлүк?"- дейт төрага. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: