super.kg logo
  Саясат  

“Башкы штабды” эми Генералдык штаб деп өзгөртүү сунушталууда

 

Жогорку Кеңеште Куралдуу күчтөрдүн башкаруу тутумун реформалоону ишке ашыруу максатында депутат Исмаил Исаков тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечинин айтымында, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы түзүлүп (“Генеральный штаб” - расмий тилде), мыйзамдын мамлекеттик тилдеги вариантында ал “Башкы штаб” деп которулган. Күч мекемелеринин түзүмүндө “Главный штабдар” (расмий тилде) орун алган, алар дагы мамлекеттик тилде “Башкы штаб” деп аталышат. Ошондуктан Генералдык штаб жана Генералдык штабдын башчысы деген терминдерди колдонуу чечими кабыл алынды.

Андан тышкары кабыл алынган мыйзамдын 6-беренесинин 1-пунктундагы Куралдуу күчтөрдүн курамын аныктоочу түшүнүк иш жүрүмүндө кыйынчылыктарды жаратып, жүргүзүлүп жаткан реформанын маңызына шек келтирип жатканы айтылды. Анткени Коргоо министрлиги өкмөттүн курамындагы аткаруу бийлигинин органы катары командалык инстанция болууга тийиш эмес. Ошондуктан аталган 6-берененин 1-пунктуна жана ага тиешелүү ченемдерге дагы оңдоолор киргизилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: