Мамлекеттик жаш жеткинчектер театрында Карылар күнү белгиленди
Бишкектеги Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш жеткинчектер театрында бүгүн, 1-октябрда карыларды куттуктоо салтанаты орун алды. Бул тууралуу аталган театрдын директору Эгемберди Чалабаев SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, куттуктоо салтанатынын жүрүшүндө “Коломто” карылар үйүнүн ардагерлерине, белгилүү маданият ишмерлери Кеңеш Курманалиева, Клара Малабековага акчалай жардамдар көрсөтүлдү. “Андан тышкары карыларга Асылбек Өзүбеков, Венера Сатылганова сыяктуу көрүнүктүү ырчыларыбыздын катышуусундагы чакан концерттик программа тартууладык”,- деп билдирди Э.Чалабаев. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.