super.kg logo
  Саясат  

Айдоочулук күбөлүктү алууда жарандардын сынакка өз алдынча даярданышын токтото турган мыйзам долбоору 1-окууда колдоо тапты

 

Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында айдоочулук күбөлүктү алууда жарандардын сынакка өз алдынча даярданышын токтотууга багытталган мыйзам долбоору 1-окууда колдоо таптыАзыркы тапта "КРнын жол кыймылы жөнүндө" мыйзамда өз алдынча даярдыктар өтүп, бирок аткарган ишинин мүнөзүнө байланыштуу же башка себептерден улам белгиленген тартипке ылайык сабактарга катыша албай калган адамдарга өзгөчө тартип менен сынак берүүгө уруксат берилет. Мамлекеттик каттоо кызматына кирген тийиштүү департаменттин сынакка кирүүгө уруксат бериши коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна мүмкүндүк түзүп жатканы айтылды.

Мыйзам долбоору кабыл алынганда өкмөттүн токтому менен бекитилген сынактарды кабыл алуу, жарандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана автоунааларды башкарууга айдоочуларга уруксат берүү тартиби жөнүндө жобого жана Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: