super.kg logo

"Супер-Инфо” гезити КРнын Эл артисти Чоро Думанаевди Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, белек тапшырды

 

“Супер-Инфо" гезити ар жылы кадырман карыларды эл аралык майрамы менен куттуктоону салтка айландырган. Быйыл да 1-октябрь – Кадырман карылар күнүн унутта калтырбай, гезиттин жамааты КРнын Эл артисти, театрда 40 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Чоро Думанаевди куттуктап, белек-бечкек тапшырып келишти.

Чоро Думанаев “Ак илбирстин тукуму”, “Ак кеме”, “Каныбек”, “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Көчө”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Чиркин өмүр”, “Президент жана бомж” жана башка тасмаларда образ жараткан. Өлкөнүн маданиятына, кино, театр тармагына зор салым кошкон залкар инсан учурда 62 жашта. Гезит жамааты актёрду куттуктап барганда ал ыраазычылыгын билдирип, алкыш сөзүн айтты: “Бүгүн куттуктап келгениңер мени кубандырып жатат. Карыганда биз жылуу сөзгө гана муктаж болуп калат экенбиз. Ден соолугум жакшы, буюрса. Канчага чыксам да мен өзүмдү кары сезбейм, жүрөк жаш бойдон кала берет турбайбы. “Супер-Инфо” гезитин калтырбай окуйм. Маданият адамдары тууралуу жазылган макалаларды көрүп кубанып турам. Мындан ары да өнүгүп-өскүлө”.

Карылардын батасын алуу жагымдуу, атүгүл парз экенин унутпайлы. "Супер-Инфо" гезити өлкөбүздөгү бардык кадырман карыяларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт.  






Улууну сыйлабасаң кичүүдөн сый көрбөйсүң!

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
01.10.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден - соолукта болуңуз . Супер - инфо ишиңиздерге ийгилик !
02.10.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!Бар болгула Супер-Инфо жамааты!
SUPER.KG видео
02.10.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карысы бардын ырысы бар дейт.Омурунуздор узун болсун!
SUPER.KG видео
03.10.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер инфо куттуктап журсо коруп отуруп мен ыйлагым келди улуу кишилер батасын мага берип жаткандай?азаматсынар!
SUPER.KG видео
03.10.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamakeevdi syiom go atamdyn kumiri jana menin ozy aitkandai kary kiwi bygyn bar erten jok degendei uluu muundu urmattap jyro bereli jana superge 4oon rahmat sizder myktysyzdar.
SUPER.KG видео
07.10.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптур, азаматтар суперчилер. Бирок кичине куттуктоо создорунон угузуп койбоптурсунар да
SUPER.KG видео
09.10.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сардарбек агавыз 70тен ашса да аявай жаш корунот экен.узак жашаныз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: