super.kg logo

SUPER.KG порталы көрүнүктүү инсандар Мамбет Мамакеев менен Сардарбек Жумалиевди Карылар күнү менен куттуктап барып, бата алды

 
КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиев.
КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиев.
КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиев SUPER.KG поталынын жана "Супер-Инфо" гезитинин кызматкерлери менен.
Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев.
Мамбет Мамакеев туулган күнүндө шакирти менен бийге түштү.

Акыркы 23 жылдан бери 1-октябрь Карылардын эл аралык күнү катары белгиленип келет. Жыл сайын бул күнү майрамдын каармандарын куттуктоо SUPER.KG порталынын салтында бар. Быйыл дагы ушул күндүн каармандарын унутта калтырбай, порталдын эмгек жамааты КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиевди жана Кыргыз Эл Баатыры, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевди куттуктап, атайын даярдап барган белектерин тапшырды.

Бүт өмүрүн медицинага арнап, өмүр сакчысы болуп келаткан Мамбет Мамакеев кош майрамга ортоктош болууда. Бул күнү 87 жашка толгон профессор өздүк майрамын баш калаадагы тойканалардын биринде белгилеп жаткан экен. “Карылар күнүндө улгайган инсандарды куттуктап чакырышат го, мени болсо бир да жолу эч ким чакырып куттуктаган эмес. Бул мени бир четинен сүйүндүрсө, өзүмдү жаш элестетүүмө көмөк көрсөтүп, бир чети таң калтырат. Бүгүн силердин атайын куттуктап келгениңерге ыраазы болуп жатам. Карылар асмандан түшүп калган жок, алар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, жаштардын келечеги үчүн жан үрөп иштеп ушул жашка келген адамдар. Ошондуктан карыларды сыйлагыла”,- деди.  

Ал эми “Бульварым” жана башка белгилүү ырларды обонго салган обончу, композитор, дирижёр, “Супер-Инфо” гезитинин атынан “Керемет ыр үчүн ыраазычылык” алган белгилүү Сардарбек Жумалиев учурда 73 жашта. Жагымдуу обондорду ыр сүйүүчүлөрүнө тартуулап келаткан инсан SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, карыларды бул күнкү майрамдары менен куттуктап өттү: “Карыганда ден соолук гана тилеп калат экенсиң, ошондуктан улгайган адамдарга чың ден соолук каалайм. Силердей болгон жаштар бизди унутпай, дайыма көңүлүнө түйүп жүрүшсүн. Жагымдуу сөз айтып, ушинтип келип, көңүлүбүздү көтөрүп турганыңар биз үчүн бакыт”.

"Карысы бардын ырысы бар" деген сөз бар кыргызда. SUPER.KG порталы ырыстуу элдин маңдайына бүткөн бардык карыларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт жана аларга аманчылык, бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык тилейт. 






Улууну сыйлабасаң кичүүдөн сый көрбөйсүң!

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
SUPER.KG видео
02.10.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карысы бардын ырысы бар дейт.Омурунуздор узун болсун!
SUPER.KG видео
03.10.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер инфо куттуктап журсо коруп отуруп мен ыйлагым келди улуу кишилер батасын мага берип жаткандай?азаматсынар!
SUPER.KG видео
03.10.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamakeevdi syiom go atamdyn kumiri jana menin ozy aitkandai kary kiwi bygyn bar erten jok degendei uluu muundu urmattap jyro bereli jana superge 4oon rahmat sizder myktysyzdar.
SUPER.KG видео
07.10.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптур, азаматтар суперчилер. Бирок кичине куттуктоо создорунон угузуп койбоптурсунар да
SUPER.KG видео
09.10.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сардарбек агавыз 70тен ашса да аявай жаш корунот экен.узак жашаныз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: