Кыргызстанда октябрда бензиндин баасы 3-5 пайызга көтөрүлүшү күтүлөт

Кыргызстанда октябрь айында бензиндин баасы 3-5 пайызга көтөрүлүшү күтүлөт, дизель майынын баасы өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы күйүүчү майдын баалары Орусия рыногунан түздөн-түз көз каранды, анткени бардык алып келинүүчү мунайзат Орусиядан ташылат. “Биздин божомолго ылайык, Орусиянын мунайзат рыногу турукташып, ишканалардагы баалардын өсүүсү байкалбайт. Бирок ишканалардагы баалар сентябрь айындагы эң жогорку деңгээлде калган. Учурда баалар жылдын башындагыдан 34-61 пайызга жогору”,- деди Керимкулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
future_kg

02.10.2014. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1- октябрьдан арзандайт деп журбоду беле
adidas.08

02.10.2014. 19:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Кымбаттайт" - качанга чеин качан арзандайт деген кабар угабыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.