Улукбек Кочкоров “Баткен эли чек араны ойлоп Бажы биримдигине кирүүнү колдоп жатат” деди
“Элдин 90 пайызы Бажы биримдигине кирүүнү колдоп жатат деп айтуудан уялыш керек”,- деди депутат Улукбек Кочкоров парламенттин 2-октябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариевге. Жогорку Кеңеште Бажы биримдигине байланышкан мыйзам долбоорлору талкууланууда. Анын айтымында, жалпы эл Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдобойт. “Мен эки-үч күн мурун Баткен эли менен жолугушуп келдим. Эл "чек араны Орусия коргоп берет" деген ойдо биримдикке кирүүнү колдоп берели деп жатат. Бирок жалпы эл колдогон жок”,- деди ал.
Жооп иретинде Сариев: “Элдин айтканын айткандан эмнеге уялышым керек? Сурамжылоодо ушундай көрсөткүч болуп жатат”,- деди.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

