super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Бажы биримдигине киргенибиз менен, экспорттук саясат өзүбүздө калат"

 
Кыргызстан Бажы биримдигине киргени менен, экспорттук саясат өлкөнүн өзүндө калат. Муну парламенттин 2-октябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Министр өлкөнүн салык саясатына да Бажы биримдиги таасир этпей турганын айтат. "Дыйкандар өндүргөн товарын каякка сатууну өздөрү чечишет. Ага кийлигише албайт. Бажы биримдиги өлкөгө кирген товарларга гана көзөмөлдүк кылмакчы",- деди Сариев. 
Казакстан акыркы учурда чек арасын бекемдеп, мунун айынан Кыргызстандын өндүрүшү аксап жатканын кошумчалады. 
Айта кетсек, парламентте Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтому каралууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: