"Кыргызстанда бензиндин баасы ноябрда арзандашы мүмкүн" деди экономика министри
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы ноябрь айында төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, күйүүчү майдын баасы кымбаттап кетпейби, божомол кандай болуп жатат?" деп суроо берген эле.
“Күйүүчү май мындан ары кымбаттабайт. Дүйнөлүк баа дагы акырындан түшө баштады. Азыр Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен сүйлөшүп жатабыз. Алар кичине ылдый түшүшү мүмкүн экенин айтышууда. Баа мынчалык көтөрүлмөк эмес, Орусияда эки завод токтоп туруп калып, күйүүчү майдын тартыштыгы пайда болду. Бизде күйүүчү майдын запасы жетиштүү”,- деди Сариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

