super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда аккредитациядан өткөн 80 лаборатория бар

 

Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева "Орусияда өткөн "Евразиялык экономикалык перспективалар" аттуу форумда эксперттер инфраструктуралык лаборатория жана техникалык түзөө талабына Кыргызстандын товарлары жооп бериши керектигин эскертти" деп билдирди. Бул боюнча даярдыктын кандай жүрүп жатканын сурады.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстан боюнча 80 лаборатория аккредитациядан өткөн. Анын ичинде тамак-аш багытында 24 лаборатория, курулуш багытында 16 лаборатория, мунай продукциясы багытында 12 лаборатория, машина куруу жана эмерек өндүрүү боюнча 7 лаборатория, текстиль жана жеңил өнөр жайы боюнча 2 лаборатория, оюнчук, идиш-аяк, косметика боюнча 9 лаборатория бар. “Булардын баары бүгүнкү күндүн талабына жооп берет. Бирок бизде ветеринардык багытта эл аралык аккредитациядан өткөн лаборатория жок. Биз ушул көйгөйгө басым жасайбыз”,- дейт Сариев.

Экономика министри республикадагы 14 сүт иштетүүчү завод Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө сүт өнүмдөрүн жөнөткөнгө бардык коопсуздукка жана сапатына шайкеш келе турган уруксаты бар экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: