Парламент ГЭСтерди куруу үчүн жерлерди которууга мораторий колдонбоо демилгесин 1-окууда колдоду
Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттар Кыргызстанда ГЭСтерди куруу үчүн жерлерди которууга мораторийди колдонбоо жөнүндө мыйзам долбоорун 1-окууда жактырышты. Ага ылайык, Жогорку Нарын ГЭС каскады сындуу ири электр энергетикалык өндүрүш ишканаларын куруу үчүн жерлерди которууга мораторий колдонулбайт. Эгерде ошол жерде жашаган жарандардын жерине ГЭС курула турган болсо, аларга башка жактан жер бөлүнүп берилет же компенсация төлөнөт. Бул Жер кодекси менен Жарандык кодексте белгиленгени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

