super.kg logo
  Саясат  

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында сыртка чыгып жаткан товарларга Бажы биримдиги тоскоол болбойт

 

Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутаттар экономика министри Темир Сариевден айрым товарлар Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында сыртка чыгып жатканын айтып, Бажы биримдигине кирүү менен бул жагдай кандай болорун сурашты. Сариев БСУнун алкагында сыртка чыгып жаткан товарларга Бажы биримдиги эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын, эч кандай чектөөлөр болбостугун, бүгүнкү режим кандай болсо ошол бойдон кете берерин айтты. Ошону менен катар чек араларда бажы чек аралары, бажычылар алынарын, мамлекеттик чек ара посттору жана чек арачылар эч жакка жылбастыгын кошумчалады. “Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин ичинде товар жүгүртүү эркин болот”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: