Бишкектин Ала-Тоо конушундагы мектептин курулушун 10-ноябрга чейин бүтүрүү тапшырмасы берилди
Бүгүн, 2-октябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкек шаарындагы Ала-Тоо жаңы конушундагы мектептин курулушун көрүп чыкты. Мекемени кыдырып чыккандан кийин өкмөт өкүлү Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетовго жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашевге курулуш ишин сапаттуу жана өз учурунда бүтүрүү тапшырмасын берди.
Биринчи вице-премьер Бишкек мэриясына 10-ноябрга чейин аталган конуштун борбордук көчөсүнө асфальт төшөө милдетин жүктөдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

