Алмазбек Атамбаев бүгүн ата-энесиз жана кароосуз калган балдардын жатак-мектебинин ачылышына катышат




Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Октябрь районунда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Тоголок Молдо атындагы №71-жалпы орто билим берүчү жатак-мектебинин ачылыш аземи болот. 1990-жылдан бери бул мекеме №71-жалпы орто билим берүүчү мектеп болгон. Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы токтому менен бул окуу жай жетим жана ата-эненин камкордугусуз калган балдар тарбиялана турган жай болуп өзгөртүлгөн. Учурда аталган интернатта 556 бала окуйт, алардын 142си жетимдер.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Окуу жайдын капиталдык оңдоо иштерине Түркия 700 миң доллар бөлгөн. Жатак-мектептин ачылышы кароосуз калган балдарды колдоо максатында Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ишке ашырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

