Футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун финалы 11-октябрда өтөт

Кыргызстандын футбол боюнча Көз карандысыздык Кубогунун финалдык оюну 11-октябрда Кант шаарында өтөт. Анда канттык “Абдыш-Ата” менен бишкектик “Дордой” беттешет. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, финалды 5-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүү пландаштырылган. Бирок 25-сентябрда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын Азия оюндарынан кайтуусу боюнча кыйынчылыктар жаралып, команданын 6-октябрда гана мекенине келе турганы маалым болду. Ушул себептен финалдык беттештин мөөнөтү жылдырылды.Кошумчалай кетсек, “Абдыш-Ата” клубунда ойногон 10 футболчу жана “Дордойдо” ойногон 5 футболчу олимпиадалык курамга кирип, Түштүк Кореядагы Азия оюндарына кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.