super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев ички иштер министри катары министрликтин жамаатына тааныштырылды

 

Бүгүн, 3-октябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди ИИМдин өздүк курамы менен тааныштырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ведомствонун басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробек Абдраимов билдирди. Өкмөт башчы министрди жамаат менен тааныштырып жатып алдыдагы аткарыла турган иштерди тездетүү керектигин айтты. Ошондой эле Турганбаевге жана жамаатка ийгиликтерди каалады”,- деди Абдраимов.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-октябрда Мелис Турганбаевди мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, ички иштер министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгонун президенттик аппараттан билдирди. 

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында ички иштер министри кызматына депутаттар Мелис Турганбаевдин талапкерлигин карап, жыйынтыгында 88 добуш менен аны министр кылып шайлашкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: