super.kg logo
  Саясат  

“Биздин келечек бүгүн билим алып жаткан жаштарга байланыштуу” деди Алмазбек Атамбаев

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев мугалимдерди кесиптик майрамдары менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда президенттик аппараттан билдирди.

Ардактуу мугалимдер! 

Урматтуу педагогдор жана билим берүү кызматкерлери! 

Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Мугалимдин, педагогдун кесиби терең билимди, турмуштук тажрыйбаны гана эмес, ар бир инсандын жүрөгүнө жол тапкан сезимталдыкты, мээримдүүлүктү жана сабырдуулукту да талап кылат. Ошондуктан билим берүү чөйрөсүндө чыдамкай, өз ишине берилген адамдар эмгектенишет.

Учурда мамлекет алдында интеллектуалдык көрөңгөбүздү бекемдөө, мектепке чейинки, орто, кесиптик жана жогорку билим алууга жакшы шарттарды түзүү боюнча орчундуу милдеттер турат.

Акыркы жылдары мамлекет мугалимдер жана билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн татыктуу шарттарды түзүү, социалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча бир топ аракеттерди көрүүдө. Өкмөт бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Биз мугалимдердин, билим берүү кызматкерлеринин эмгегин баалашыбыз керек. Анткени биздин келечегибиз бүгүн мектепте жана студенттик аудиторияда билим алган жаштарга байланыштуу. Билимдүү, кесипкөй инсандар гана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө жөндөмдүү.

Быйыл Кыргызстанда Билим берүү кызматкерлеринин күнү Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнүнө дал келди. Ушул майрам күнү бардык мугалимдерге, педагогдорго, билим берүү кызматкерлерине талыкпаган мээнети жана сабырдуулугу үчүн ыраазычылык билдирем", - деп айтылат куттуктоодо.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: