super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев Айыл чарба министрлигинин ишине нааразы

 

Бүгүн, 3-октябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкекте өтүүчү Араб координациялык тобунун II тегерек столун өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү. Сарпашев билдиргендей, форумга байланыштуу бардык мамлекеттик органдар өкмөткө келечектүү инвестициялык долбоорлорун сунуштоого тийиш болчу.

“Бирок киргизилген сунуштардын арасында дээрлик маанилүү жана келечектүү инвестициялык долбоорлор жок. Азырынча 15ке жакын долбоор түшкөн, бул жаатта Айыл чарба жана мелиорация министрлиги начар иш жүргүзүп, бүгүнкү күнгө чейин ирригация, жашылча-жемиш сактоочу жайларды куруу, күнөсканаларды өнүктүрүү, мал чарбачылыгы боюнча олуттуу инвестициялык долбоорлорду сунуштаган эмес. Эгерде аталган маселелер сиздер үчүн келечектүү болбосо, анда силер үчүн кайсы нерселер маанилүү?"- деди биринчи вице-премьер.

Министрликке 3 күндүн ичинде өкмөткө агрардык тармактагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду киргизүү тапшырмасын берип: “Эгер бул жолу да долбоорлор өкмөттүн кызыкчылыгына жооп бербесе, анда министрликтин жетекчилигин конкреттүү жазалоо чарасы кабыл алынат",- деди Сарпашев.

Айта кетсек, октябрдын аягында өтүүчү форумда энергетика, саламаттык сактоо, айыл чарба, транспорт, туризм, курулуш жана билим берүү жаатындагы бир катар инвестициялык долбоорлор каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: