super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын элчилеринин пенсиялары көбөйтүлүшү мүмкүн

 
Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилеринин айлыктарын көбөйтүү пландары бар. Муну 3-октябрда депутат Каныбек Иманалиевге шилтеме берүү менен парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Иманалиев өзү жетектеген Эл аралык иштер боюнча комитети негизинен төрт багытта иштеп жатканын айтат: 
Эл аралык уюмдар менен кызматташтык мамилелерди арттыруу; 
Эл аралык келишимдерди ратификациялоо; 
Тышкы иштер министрлиги менен жакындан иштешүү; 
Элчилерди бекитүү жаатында иш жүргүзүү.

Депутат азырынча Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жетишсиз каржыланып, материалдык-техникалык базасы начар экенин, алардын ишине шарт түзүү боюнча жасалып жаткан иштерди атады. "Мисалы, элчилердин маянасынан кармалып келген 10 пайыздык алым алынып салынып, үй-бүлөсүн камсыздоо үчүн 30 пайыз кошумча төлөм киргизилди. Алардын пенсиясынын өлчөмүн да көбөйтсөк деген ойлор бар",- дейт депутат. Элчиликтер ижарага алган имараттарды акырындап сатып алуу чаралары көрүлүп жатканын, өз имаратында иштөө кыйла арзанга түшөрүн билдирди. "Бардык өлкөлөрдө элчилик ача берүүнүн зарылчылыгы деле жок. Айрым элчилер Кыргызстандын аймагында туруп деле иштесе болот",- дейт Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: