super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

 
Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 4-октябрь - Курман айт майрамы менен куттуктады. 

Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эзелтен Курман айт жакшы ниет, ак тилектер менен коштолуп келген. Элибизди ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана сабырдуулукка үндөгөн. Келечекке терең ишеним арттырган.

Ушул күнү мусулмандар курмандык чалып, Кудайдан узун өмүр, ден соолук тилешет. Соопчулук иштерди жасап, дилин тазартышат. Дасторкон жайып, көзү өткөн ата-бабаларын, жакындарын эскеришет.

Ыйык майрам күндөрдө ылайым Жаратканыбыз мекендештерибиздин, алыскы ажылык сапарда жүргөндөрдүн ак тилектерин кабыл кылсын! Кыргызстаныбыздын жолун ачсын! Жерибизге тынчтык жана бейпилдик берип, элибиздин ынтымагын жана биримдигин бекемдесин!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай каалайм! Ар бир үй-бүлөдө ынтымак уяласын! Курман айтыңыздар маарек болсун!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: