super.kg logo

Бишкекте атактуу инсандардын портреттери жана айкелдери "Бейне" аталышындагы көргөзмөдө орун алды

 
Аземге келген көрүүчүлөр көп болду.
Көргөзмөнүн кызыл лентасын КРнын Эл артисти Каныкей Эралиева жана Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева кесишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө скрипкада ойнолгон музыка жаңырып турду.
"Бейне" аталышындагы долбоорду Тынчтыкбек Кожобеков ишке ашырган.
Аземге келген коноктор.
Куудул Күмөндөр Абылов портретинин жанында.
Ырчы Гүлзинат Суранчиева.
Нурзат Токтосунова айкелинин жанында сүрөткө түштү.
Режиссёр Садык Шер-Нияз.
Актёр Чыңгыз Мамаев.
Ырчы Гүлзада Рыскулова.
Ырчы Асел Касымова.
Ырчы Нэна.
Ырчы Нурайым Азыкбаева.
Ырчы Анжелика.
Куудул жана актёр Бакыт Мукул.
Манасчы Ширин Сарыгулова.
Кыл кыякчы Залина Касымова.
Ырчы Нэна көргөзмөгө уулу менен келиптир.
Режиссёр Садык Шер-Нияз.
Ырчы Актан Исабаев.
Куудул Бакыт Мукул.
КРнын Эл артисти Мурат Бегалиев.
Ырчы Гүлзада Рыскулова.
КРнын Эл артисти Роза Аманова.
Ассоль Молдокматова.
Куудул Күмөндөр Абылов.
Ырчы Съездбек Искеналиев.
КРнын Эл артисти Гүлсүн Мамашева.
Диктор Айдай Самиева.
Ырчы Кундуз Канатбек кызы.
КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков.
Ырчы Сыймык Бейшекеев.
Ташчайнар.
Ырчы Юлия Руцкая.
Ырчы Минюра Рахимжанова.
Ырчы Ырыскелди Осмонкулов.
КРнын Эл артисти Каныкей Эралиева.
КРнын Эмгек сиңирген артисти Курмангазы Азыкбаев.
КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев.
Ырчы Гүлжигит Калыков.
Ырчы Асема.
Ырчы Замир Арыкбаев.
Көргөзмөгө келгендер кутучага көрүндүк салып жатышты.

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектеги С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында таланттуу сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган эстрада ырчыларынын жана белгилүү инсандардын портреттери, скульптуралары орун алган көргөзмөнүн ачылыш аземи өткөрүлдү. Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева, сүрөтчүлөр, атактуу инсандар, көрүүчүлөр катышышты.

Көргөзмөгө атактуу инсандардын: Муратбек Бегалиев, Болот Шамшиев, Садык Шер-Нияз, Каныкей Эралиева, Саламат Садыкова, Керим Турапов, Күмөндөр Абылов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Курмангазы Азыкбаев, Нурайым Азыкбаева, Ассоль Молдокматова, Асема, Юлия Руцкая, Гүлзада Рыскулова, Анжелика, Асел Касымова, Нэна, Каныкей, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлжигит Калыков, Мирбек Атабеков, Замир Арыкбаев, Нурзат Токтосунова, Анжелика, Эрнест Абдыжапаров, Чыңгыз Мамаев жана башкалардын портреттери жана скульптуралары коюлду.

Долбоордун үстүндө Байзак Алыбаев, Айып Алакунов, Максат Моңолдоров, Бахрам Темиров, Нурбек Матаев, Жакшыбек Жунушев, Нурлан Осмонов, Алмаз Шаршекеев, Адис Татиев, Замир Илипов, Кубанычбек уулу Амантур, Камчыбек Кайыпов, Чыңгыз Ормонбеков, Урмат Чоюбеков, Жылдызбек Алышбаев, Нурлан Кебек уулу, Толкунбек Эсеналиев, Арзымат Жороев өңдүү 18 жаш сүрөтчү иш алып барышкан. Алар 8 ай бою күнү-түнү эмгектенишкен.  

Сүрөтчүлөрдү таанытууга багытталган “Бейне” аталышындагы сүрөтчүлөр долбоорун ишке ашырган журналист Тынчтыкбек Кожобеков: “Менин максатым кыргызстандык атуулдардын баары музейге келип, ырчылардан сүрөтчүлөр атактуу боло баштаганда гана ишке ашат. Бул долбоор ошол максатка ташталган биринчи кадам. Бүгүнкү иш-чара мага жакты. Ушунча эл келет деп күткөн эмесмин. Үй-бүлөмдүн кичине бөлүгүн долбоорго салдым, айрым адамдар 500-1000 сом берип колдоп беришти. Мындайча айтканда, бул дүйнөдө акчасыз бир нерсе кылса болорун сүрөтчүлөр далилдешти”,- дейт.

Куудул Күмөндөр Абылов: “Келечек муундар үчүн, бейнеси түшүп жаткан адамдар үчүн, жеке кыргыз эли үчүн жакшы иш болуп жатат. Мындай иш-чара мурда эле уюштурулушу керек эле. Азыр таланттуу сүрөтчүлөрүбүздүн күчтүү чыгармалары башка мамлекетке кетип жатканы өкүндүрөт. Ошонун баары биздин музейлерде калса жакшы болмок. Негизи, искусство элге таандык демекчи, эл үчүн кызмат кылган адамдардын сүрөттөрү музейде, көргөзмөдө турганы жакшы саамалык. Мага өзүмдүн портретим купулума толду, тирүү көз караш болуптур”,- деген оюн билдирди.

Бул саамалыкка келген ырчы Нэна: “Кандай гана болбосун, бул чоң эмгек. Адил байкенин тартканы жакты. Сүрөтүм бир аз окшошпой калды деп ойлойм, анткени өзүмдү сулуу сезген жаным сүрөттөн толук көрүнгөндөй сезилип жатам. Анткен менен сүрөтчүнүн өзүнүн көз карашы бар да. Жалпысынан көргөзмөгө коюлган эмгектер жогорку деңгээлде жаралыптыр. Айрыкча Мурат Бегалиев агайыбыздыкы окшошуптур. Ал эми Гүлзада Рыскулованыкы оригиналдуулугу менен өзгөчөлөнүптүр”,- деди.

Белгилей кетсек, көргөзмө 15-октябрга чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
03.10.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Доо шаа устаттарыбыз жок да кечеги чыккан бок мурундар турат го.
04.10.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
12.12.12, :)))))))))
04.10.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
12.12.12, owol bokmurundar senin uul kyz neberelerine murunku adam bolotda!
Модератор admin_kinozal түзөттү 05.10.2014 08:38
04.10.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
%))))))))))))))))
04.10.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyzstandyn atagyn alyska taanytkan talanttuu chygaan insandarybyz az negedir.
04.10.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nena unchukpaile koiboptur okwowpoi kalypmyn dep.meenet kylywkandan kiyin
04.10.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
астахфируллах
05.10.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асеманы семиз корсотуп коюптур суроту,ал Эми Ненанын озуно Караганда суроту сулуу чыгыптыр))),Кумондор бакенин суроту болсо"точно в точ"болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: