Кыргызстандын делегациясы Азербайжан парламентинин вице-спикери Зияфет Аббас оглы Аскеров менен жолугушту
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев башында турган Кыргызстандын делегациясы Азербайжандын Милли Межилисинин (парламентинин) биринчи вице-спикери Зияфет Аббас оглы Аскеров менен жолугушту. Жолугушууда тараптар экономикалык, соода, гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты. Кыргызстан менен Азербайжандын бир тууган элдеринин ортосундагы диалогдун кеңейишине IV Баку эл аралык гуманитардык форумунун өзгөчө орду белгиленди. “Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда экономика, соода, энергетика, инвестиция тартуу жаатындагы кызматташуулардын кең келечеги бар, бул багыттарда байланыштарды күчөтүү зарыл”,- дейт Иманалиев.
Автор: Автандил Добулбеков
IV Баку эл аралык гуманитардык форумуна катышуунун алкагында Каныбек Иманалиев Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка талапкерлер номинациясы боюнча Азербайжандын эл акыны, Жазуучулар союзунун төрагасы Рзаев Анар Расул оглы менен да жолугушту.
Кыргызстандын делегациясы Нахичевань, Гянджу, Лянкярань, Габалу жана Губу шаарлары менен таанышып чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

