super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү министри Канат Садыков баштаган делегация Беларуста иш сапары менен болду

 

Беларустун Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн мугалимдеринин 3-курултайы өтүп, ага Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков баштаган делегация катышты. Муну 3-октябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди. “КМШнын улуттук билим берүү системдери - билим берүүнүн сапатын көтөрүү фактору” деген темада өткөн иш-чарага Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстандан келген делегациялар катышканы айтылды.

“Бул мугалимдер үчүн жыйнаган тажрыйбасын бөлүшүү жана өзүнүн эле республикасында эмес, жалпы эле КМШ мейкиндигинде билим берүү системинин өнүгүшүн аныктаган процесстер жөнүндө ой калчоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Бул билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу үчүн жемиштүү база болуп бере турган жер”,- деди Канат Садыков өз сөзүндө.

Съезддин алкагында өткөн тематикалык секциялык жыйындарда жалпы орто билим берүүнүн сапаты жана аны баалоонун жолдорун өркүндөтүү, билим берүүдөгү менеджмент, эффективдүү билим берүү технологияларын колдонуу, педагогдун кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, педагогикалык кадрларды даярдоонун сапаты сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: