super.kg logo
  Саясат  

Эрдоган "Түркия аркылуу Сирияга согушчандар өтүп жатат" деген маалыматты четке какты

 
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШнын вице-президенти Жо Байдендин кечирим сурашын талап кылды. Чет элдик маалымат булактарынын билдиришинче, Байден буга чейин Түркиянын аймагы аркылуу Сирияга согушчандардын өтүп жатышын Эрдогандын моюнга алганы тууралуу билдирүү жасаган. Бирок Түркия лидери муну четке кагууда. "Эгер ал Гарвардда чындап эле ушинтип айтса, анда ал кечирим сурашы керек",- дейт Эрдоган.  
"Чет элдик согушчандар эч качан биздин өлкө аркылуу Сирияга өткөн эмес. Алар бизге турист катары келип, андан кийин Сирияга өтүп кете алышат. Бирок алардын колунда курал бар экенин эч ким айта албайт",- деп кошумчалады президент. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: