Ырчы Дайыр Исмадияров Курман айт майрамында жеке концертин берди











Дайыр Исмадияров апасына гүл сунду.

Дайыр Исмадияров апасына гүл сунду.


























4-октябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда ырчы Дайыр Исмадияров биринчи жолу жеке концертин берди. Саат 19:30га белгиленген чыгармачылык кече жарым саат кечигип көшөгөсүн ачты. Көрүүчүлөр залдын 60 пайызын ээледи. Алып баруучулук милдетти ырчылар Анжелика, Юлия Руцкая жана алып баруучу Максат Давранов аркалашты. Мыкты деңээлде жасалгаланган сахнага Дайыр "Ассалоому алейкум" деген ырын ырдап чыгып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Курман айт майрамына туш келген концертте улуттук кийим кийишкен кыздар боорсок менен каймак көтөрүп чыгышып, көрүүчүлөргө даам сыздырышты. Концертте жаңы ырлар жаңырып, дуэт, квартет ырлар аткарылды. Конок катары келген
ырчылар
Динара Акулова, Өктөм Сапар уулу, Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Мээри Шакулина, KG Эльмурат жана "Добулбас" тобу ыр сунушту. Ошондой эле театр артисттери сахнада өнөрлөрүн көрсөтүштү.
кошулду
Автор: Динара Абдыкадырова
Фото: Динара Абдыкадырова, Адилет Бектуров
"Бул менин Бишкекте берип жаткан биринчи жеке концертим болгондуктан толкундандым. Улуу Курман айт майрамына туш келип калгандыктан, элдер айттап кетишет го деп кыжалат болдум, чындыгында. Концерттин датасы май айында эле белгиленгендиктен, Курман айт майрамына туш келерин билген эмесмин. Кечени мыкты деңгээлде өткөрүү үчүн болгон аракетимди, каражатымды жумшадым. Өзүңүздөр күбө болгондой, сахна жасалгасына эле көп каражат сарпталды. Мунун баары менин күйөрмандарым үчүн",- дейт Дайыр Исмадияров.
кошулду
Дайыр Исмадияров алгачкы жеке концертин берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
6

Данияр Эрматов, Мэри Шакулина, KG
Эльмурат жана "Добулбас" -ырдашканы, А эми Дайырга эчким конул болгон да жок.
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого жол берилбейт. Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Анан концерттин датасы майда эле белгиленген деп турат го, ошого даярданып алса кайда жылдырмак эле.
Анан сага кандай оорчулугу тийип жатат же Айттап концертке бара албай калдынбы. Ошончо эле бугун Айт эле концерт болбош керек дебей эле келиптир го