super.kg logo

Бишкекте сүрөтчү Талгат Миррахимовдун жеке көргөзмөсү ачылат

 

7-октябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талгат Миррахимовдун жеке көргөзмөсү ачылат.

Аталган музейден билдиргендей, көргөзмө чебердин 70 жылдыгына арналат.

Ага акыркы беш жылда жаралган 300гө жакын эмгеги коюлат.

Белгилүү болгондой, сүрөтчү 1971-жылдан бери жыл сайын көргөзмөлөргө катышып, чет элдиктердин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет. Ал жеке көргөзмөлөрү менен Жер шарынын жарымын кыдырып чыккан.

Т.Миррахимов 1944-жылы Кытайдын Кулжа шаарында, зергердин үй-бүлөсүндө туулган. 1955-жылы Миррахимовдордун көп балалуу үй-бүлөсү Кыргыз ССРине көчүп келип, Фрунзе шаарына жакын аймакка жайгашып калган. 1968-жылы Т.Миррахимов сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Ал көптөгөн көргөзмөлөрдүн жана сыйлыктардын ээси. Анын сүрөттөрү Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде, Европа жана КМШнын музейлеринде, АКШ, Канада, Япония, Кытай, Сингапур мамлекеттеринде орун алган. 

Көргөзмө 20-октябрга чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: