super.kg logo
  Саясат  

Гонконгдо Кытай бийлигине каршы чыккан митингчилер тарап, абал турукташууда

 
Кытайдын курамындагы өзгөчө статуска ээ болгон Гонконг администрациялык аймагында он күндөн бери өткөн митингдин катышуучулары тарап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, учурда Гонконгдо абал турукташууда. Окуучулар жана студенттер окуу жайларына, жарандар жумуштарына адаттагыдай барып жатышат. Ал эми башында миңдеген митингчилер болсо, бүгүнкү күнү алардын саны 200гө гана жетет.
Айта кетсек, ушул жылдын 26-сентябрынан бери жаштар Гонконг бийлигин отставкага кетирип, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышып, митинг өткөрүп келишүүдө. Ушул мөөнөттүн ичинде митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар орун алган. Акыркы маалыматтарга таянсак, жабыркагандардын саны 165ке жетти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: